Көптөн бери көксөөдө жашап келген сезимдерди терүүгө Фейсбукта бир селкинин жалпы эркектерге арнап жазган таарынычы себеп болду.

Бир жагынан ал айымды деле түшүнөм, бир мезгилдерде бир эмес бир канча ирет алданып калган үчүн, армандын азабын тарткан үчүн ичиндеги жигиттерге болгон кегин жазып жатат. Туура, мырзалар деле жаралгандан кыздан-кыз тандап, селкиден-селки жандап өтүү үчүн жаралбаган чыгар. Жеке мен мырза катары башымдан өткөн окуядан соң жүрөгүм муз болуп, азыр жашым 50гө  жакындап калса да аялзатын мурдагыдай сүйүп, жандай албай келем.

Албетте, мындай жек көрүү мага өзүнөн-өзү уялаган жок. Качандыр бир кезде жүрөгүм элжиреп сүйүп, көзүмө андан башка адам көрүнбөй, бүт ааламды арнап алган адамым азгырылып башкага кеткенде пайда болду. Эт-бетиң менен сүйүп өзүңдү арнап койгон адамың сени сындырып, кабыргаңды майыштырып, жараңа улам жаңылап туз куюп тургандан өткөн азап жок экен.

Мен ал кызга жолукканымда болгону 18 гана жашта эле. Биз окуу жайдан таанышып, эгиз-козудай ээрчишип жүрчүбүз.

Кыз кулагы менен сүйөт деген туура экен. Төрт жыл жүрөгүмдүн төрүндө жашап келген аруум, окууну аяктап жумушка киргенде, өзүнүн жетекчисинин байлыгына арбалып, кымбат белектерине азгырылып кете берди. Дал ошол күндөн тартып, алоолоп жанган от жалп өчтү да калды.

Арадан канча убакыт өтсө да эч бир кыз жандап жибий албадым. Тескерисинче жалгыздык аралына  күн өткөн сайын сүңгүп кирип, кыздарга жек көрүү сезим күчөгөндөн күч алып кала бердим. Апамдын бир канча ирет  «бүлө курсаң боло, куу башың менен өтмөк белең жашоодон» деген сөздөрү жөн гана сөз бойдон кала берди.

Айтайын дегеним эркетер деле назик болот, бир көңүлү сынган соң экинчисине эрмек үчүн сөз айтып, же өзүн алдоо үчүн баш кошуп күн кечирип жүргөндөр бар. Бирок, тээ жүрөктүн түпкүрүндө катып койгон адамы менен кыялында жашап, кийинчэрээк балдарына баарын арнап, бакытысы тоодой болуп көрүнгөндөр аз эмес. Мен ошолорго кадимкидей суктанам. Ичине кекти сактап, жалгыз жаздыкты жаздап жаткандан, баарына кайыл болуп, кез-кезде сол жактарга баса коюп, достору менен  бапырашып жүргөн эле жакшы экен.

Адам болгон соң, айымдардай эле жалгыз бой мырзаларды деле сөз ээрчийт. Жеке мени «көгүш, ошол үчүн үйлөнбөй жүрөт, бул соо эмес ооруйт, куу башы менен канчага чейин өмүр сүрөт» деген сөздөр коштоп келет. Ким эмне айтса да, катуу сүйүүп, кайгырып, кайгынын кара түнүнө кирип алып, андан кайра чыгуунун жолун таппай  жүргөн жүрөктү түшүнүү да, алдоо да кыйын экен.

Бул сезим менен жашап жүрүп канча ырлар жаралды. Кээде ошол ырлар жаңырып, жагымдуу үн коштоп теледен ырдалып жатканда жанагы жарага туз себилет да турат.

А бирок, ал өзүнө арналып кандай ырлар жаралып жатканын, ошол ырды угуп, сүйүп тыңдап анын каарманы өзү экенин ойлоп да койбосо керек.

Баарын башынан баштоо үчүн, башкага көңүл коюп, алаксып деле көрдүм, бирок болбой койду. Бир жагынан өзүмдүкүн туура көрөм. Башкага баш кошуп, көңүл кош күн кечирип. Тил табышпай калдык деп эки ажырым жолго түшүп, ортодо балдары кыйнагандан, жалган жашоодо, жалгыз жашап өткөндөн артыгы жок чыгар.

Мен бул сөздөр менен башкаларды сүйбөгүлө, күйбөгүлө деген жерим жок. Болгону, аябай ишенип, берилип, бүт болгон жан дүйнөңдү арнап салуунун кереги жок экен деген ойду айткым келет…

 

Бишкек шаары,  Жыргалбек.