Бишкекте  бүгүн, саат 10:00дө биринчи жолу электромобилдердин (электромобилдер, экобайк) жүрүшү болот. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардык мэрия айлана-чөйрөнү коргоп, түтүнгө каршы күрөшүү боюнча ар тараптуу иштерин улантууда. Жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, абанын булганышынын негизги себептеринин бири бул автоунаа транспортунан чыккан зыяндуу заттар, буга байланыштуу шаардык муниципалитет коомдук транспорттун экологиялык таза түрлөрүнө көңүл бурууда.

Жүрүш жаңы “Ден соолук” сейил багынын түндүк тарабынан башталат — М.Гшлессера көчөсүнөн, биз Ч.Айтматов проспектиси менен А.Масалиев көчөсүнө көтөрүлүп, ал жерден чыгышка карай Токомбаев жана Нуркамал Жетикашкаева көчөлөрүнүн кесилишине чейин барып, “Ден соолук” сейил багына Токтоналиев көчөсү менен кайтат.

Белгиленгендей, шаардыктардын коопсуздугу үчүн айдоочуларды Бишкек ШИИББнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын 5 унаасы жана эки тез жардам унаасы коштоп жүрөт. Жүрүштүн маршруту боюнча жолдун унаа жүрүү бөлүгү жарым-жартылай чектелет, колонна өткөндөн кийин жол дароо ачылат.

“Жүрүш Ecobike (Экобайк) компаниясынын колдоосу менен өткөрүлөт. Ecobike салону — Кыргызстандагы электр транспортун, тактап айтканда, экобайк идеясын жайылтуучу компаниялардын бири. Урматтуу шаардыктар! 0550 13 88 88 телефону аркылуу электр транспорттун жүрүшүнө катышуу үчүн каттала аласыздар”, — деп айтылат маалыматта.