Соода борборлорундагы, мейманканалардагы, коомдук транспорттогу, ооруканалардагы, банктардагы кондиционерлер коронавирус эпидемиясынын көбөйүшүнө себеп болууда. Адамдар кондиционердин ордуна, айрыкча эл көп чогулган жерлерди,  үйлөрдү тез-тез желдетип турушу керек. Бул тууралуу Түркиянын Медицина Илимдер Университетинин Жугуштуу оорулар жана клиникалык микробиология бөлүмүнүн башчысы, профессор Ильяс Докметаш Haberturk сайтына билдирди.

Адистин айтымында, көптөгөн оорулар кондиционер аркылуу жугушу мүмкүн.

«Аба ырайы ысыган сайын, адамдар кондиционерлерди көбүрөөк колдонушат. Вирустук инфекциялардын көпчүлүгү кондиционерлер жана желдетүү тутумдары аркылуу жугушу мүмкүн. Үйдө, жумуш ордунда, адамдардын чакан тобу болгон жерде кондиционерди колдонуунун ордуна, терезелерди ачып, желдетип турганыбыз оң », — дейт ал.

Эксперт ошондой эле кондиционерди өз үйлөрүндө кыска убакытка гана колдонууга кеңеш берет.

“COVID-19 дүйнөдө бар болгонуна бир жылдан ашты. Коронавирустун жугуу жолу 99% дем алуу жолу менен жүрөрүн эми билебиз. Демек, кычкылтек алмашуу эл көп чогулган жерлерде, мисалы, кафелерде, ооруканаларда, банктарда жүрөт. Мындай жерлерде мүмкүн болушунча аз адамдар болуш керек жана жайлар тез-тез желдетилип турушу керек », — дейт Дёкметаш.

Кондиционерлер бөлмө температурасын жөнгө салып, бир калыпта кармап туруу үчүн иштелип чыккан. Эгер кондиционер орнотулган бөлмөгө инфекция алып жүрүүчү же ооруп жаткан адамдар  кире турган болсо бул өтө кооптуу. Анткени бөлмөгө сырттан таза аба кирбегендиктен инфекция бөлмөнүн ичинде кала берет. Ошондуктан адистер кеңселерди, бөлмөлөрдү бат-баттан желдетип турууну сунуштатат.