Бишкекте куткаруучулар терезенин темир торуна кыпчылып калган жаранга жардам беришти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Октябрь районундагы Улан-2 кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринин терезесиндеги темир торчого 55 жаштагы Д.Ч. аттуу эркек киши кыпчылып калган.

Жерине 5 куткаруучу тартылып кыпчылып калган жаранды чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.