Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Баатыры жана эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин жубайы — Сабира Турсункулованын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу, Жакиевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

«Сабира апанын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу кайрат айтуумду, колдоо сөздөрүмдү кабыл алыңыздар. Мындан бир нече күн мурун эле Бексултан Жакиевдин дүйнө салгандыгы тууралуу суук кабарды уктук эле, эми Сабира апа менен коштошуп жатабыз.

Бексултан ата менен Сабира апа узак жана бактылуу өмүр сүрүшүп, балдарын татыктуу тарбиялап, дээрлик бир мезгилде түбөлүк жайга кетишти. Сабира апа өмүр бою маданият тармагында иштеген боорукер, адептүү жана кең пейил адам эле. Ал үй-бүлөсүндө эле эмес, достору менен кесиптештеринин арасында да татыктуу урмат-сыйга ээ болгон. Ошондой эле жолдошу Бексултан Жакиевди ар дайым колдоп келгенин белгилеп кетпесек болбос. Орду толгус оор жоготууга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам!» — деп белгилейт Президент Садыр Жапаров көңүл айтуусунда.

26-апрелде Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу, драматург, профессор Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өткөн. Маркум менен коштошууга бир катар мамлекеттик жогорку кызмат адамдары, маданият ишмерлери, үй-бүлөсү, жакын санаалаштары келген. 25-апрелде 85 жаш курагында көз жумган залкар драматург Бексултан Жакиевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилген.