Ысык-Атада жаш жигит кызганычтан улам чет өлкөлүк жаранга бычак сайган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 27-апрель күнү болжол менен саат 04:21 чамаларында Ысык-Ата РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болуп, аймактык ооруканага бычактан алган жаракатынан улам эркек киши жаткырылганы тууралуу билдирүү түшкөн.

Аталган маалыматтын негизинде Ысык-Ата РИИБнин ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке дароо чыгышкан. Териштирүү учурунда ооруканага түшкөн жарандын өздүгү такталып, ал 23жаштагы Ш.Н. аттуу жогорку окуу жайлардын биринде окуган чет өлкөлөрдүн биринин жараны экендиги аныкталган.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 138-беренеси (Ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндурүш иштери башталган. Чүй облусунун ИИББнин жана Ысык-Ата РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 18 жаштагы жергиликтүү Ч.М. аттуу жашоочу кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Алдын ала териштирүү боюнча, жогорудагы окуя кызганычтан келип чыкканы белгилүү болгон.

Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.