Бүгүн, депутат Бурул Аманова  Жогорку Кеңештин жыйынында 18-апрелде  Орусияда кармалган Эсенбай Мажитов жараны кармалганы боюнча айтып, буга чек аралаш айылдын тургунуна Тажикстандын «оор кылмышкер катары эл аралык издөөгө жарыялаганы» себеп болуп, 40 күнгө камакка алынганын айтып, ТИМ бул маселени чечүү керектигин айтты.

“Тажикистан тараптын бул кылганы канчалык туура. ТИм тарабынан да чечкиндүү кадам болбой жатат. ТИМдин өкулдөру клеип, буга жооп берсин”,-дейт.

Эсенбай Мажитов Баткен районунун Көк-Таш айылынын Тажикстандын Чорку айылы менен чектеш аймакта турат. Өткөн жылы чек арада чыр чыкканда эки тараптан тең ок атылып, Мажитовдордун үйү өрттөлгөн. Кийин өкмөт жана жергиликтүү элдин колдоосу менен үй-жайы калыбына келтирилген