Кыргыз Республикасынын ИИМдин Басма сөз кызматы ички иштер органдарынын кызматкерлери, алардын күнүмдүк ишмердүүлүгү, жашоодогу ой-мүдөөсү, спорттогу, илим жаатындагы ийгиликтери жөнүндө материалдарды ар дайым чагылдырып келет. Бүгүн биз  окурмандардын назарын Чүй   райондук ички иштер бөлүмүнүн  Коомдук коопсуздук кызматында милициянын аймактык уполномоченныйы болуп иштеп келе жаткан милициянын кенже лейтенанты Бейшеев Сейтек Кылычбековичке бурмакчыбыз.

Милициянын кенже лейтенанты Сейтек Бейшеев  ички иштер органдарында 8 жылдан бери абийири менен ак кызматын өтөп келе жаткан тажрыйбалуу кызматкер.  Ал  1989-жылы Чүй районунда туулган. Үй-бүлөлүү, эки уулдун атасы. Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин, ички иштер органдарында иштөөнү көздөп,  ИИМдин Республикалык окуу борборуна тапшырып, аны ийгиликтүү аяктаган.  Алгач, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Октябрь райондук күзөт бөлүмүнүн милиционери болуп орношкон. Андан соң Чүй районунун ИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын кайгуул-күзөт кызматынын милиционери,  нөөмөт бөлүгүнүн автоматчик-милиционери жана нөөмөткердин жардамчысы кызматында иштеген. Азыркы учурда көп улуттуу 15 903 калкы бар Чүй облусунун Чүй айылындагы коопсуздукту  камсыздаган милициянын аймактык уполномоченныйларынын бири.

“Милициянын аймактык уплономоченныйы- бул ички иштер органдарынын жүзү. Анткени ал жарандар менен тыгыз иштешип, ар биринин көйгөйүн жакындан билип, жардамга биринчилерден болуп келе турган милиция кызматкери.  Милициянын аймактык уполномоченныйы жарандар  менен ишенимдүү мамиледе болуп, ачык-айкындуулук принцибинде  иш алып барса, бүтүндөй ички иштер органдарынын ишине оң баа берилет деп ойлойм. Бул жыйынтыктарга жетүү үчүн тартиптүүлүктүн, калыстыктын, абийирдүүлүктүн критерийлерине жооп берүүгө аракеттенүүбүз зарыл. Калкыбыздын ишенимине ээ болуу  үчүн өз ишибизге жоопкерчиликтүү мамиле жасап, ар бир жарандын көйгөйүнө кайдигер мамиле кылбашыбыз  керек. Башкысы биз ишибизде сабаттуу жана кесипкөй адис  болушубуз шарт. Бул учурдун талабы десем жаңылышпайм”,-дейт   Сейтек Кылычбекович.

Милициянын аймактык уполномоченныйларынын  иш күндөрү дагы ар кандай өтөт. Өздөрүнө ыйгарылып берилген аймактарды кыдырып чыгып, жарандарды кабыл алып, алар менен маектешип, өз ишиндеги ички жумуштарды дагы аткарууга жетишип, алдын алуу иштерин дагы жүргүзүүгө үлгүрүшү керек.    Эртең бир ишти аткарабыз деп пландап алгандары менен   айрым учурда ал күнү башка иштер менен дагы алектенип калган учурлар  жок эмес. Мисалга алсак,  үй-бүлөлүк чыр-чатактар, кошуналары менен пикир келишпестиктен  келип чыккан   уруштар болгон жерге барып териштирүү, айрым учурда өзүнүн аймагында катталган  кылмыштар, жоруктар  дагы бар.

“Менин башкы тапшырмам мага ыйгарылып берилген аймагымда кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу болгондуктан, көп улуттуу эл жашаган Чүй айылына күн сайын барып, жергиликтүү тургундар менен маектешип, алдын алуу багытындагы маалыматтар менен бөлүшүп, кеңештеримди берип турам.  Аларга жардамыным тийип,  көйгөйлөрүнүн чечилишине себепкер болуп, алардын ыраазычылыгын угуп калган учурда милиция кесибин туура  тандаганым үчүн өзүмө баа берем.

Ошондой эле, бул кызматтын ысык-суугуна чыдап, айрым учурда күн-түн кызматта болуп,   кылмыштуулук менен күрөшүп, коомдук тартипти камсыздоо үчүн өз өмүрү менен ден соолугун тобекелге салып, бычактын мизинде жүргөн милиция кызматкерлерин сырттан сынап коюу туура эмес.  Менин дагы ички иштер органдырында  кызмат өтөгөн күндөн баштап  жашоого, милициянын кызматына болгон көз карашым  түп-тамыры менен өзгөргөн. Ошондуктан, өлкөбүздүн  бейпилдиги менен коопсуздугун камсыздап, элимдин керегине жарап жатканыма сыймыктанам десем жаңылышпайм”,-деди  милициянын аймактык уполномоченныйы Сейтек Кылычбекович.

Кызматыңда ийгиликтерге жетүү үчүн  абийирдүү жана жоопкерчиликтүү иштеп, өз кесибин сүйүп, кесиптештиринин арасында кадыр-барк топтоп, элдин батасына ээ болуп жүргөн   Сейтек кесиптешибизге кызматында ийгиликтерди кааламакчыбыз.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы