Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры жана эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин жубайы — Сабира Турсункулованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маркум менен коштошуу иш-чарасына президенттин аппаратынын өкүлдөрү, белгилүү коомдук жана маданият ишмерлери, жакындары катышты.

Коштошуу зыйнатына катышкандар анын жогорку адамдык парасатын, ишке болгон мамилесин, өмүрлүк жар катары кандай сапаттары бар болгону тууралуу эскеришти.

Сабира Турсункулова эмгек жолун Маданият министрлигинин экономикалык пландоо бөлүмүндө экономист, кийин жетектөөчү адиси катары 55 жыл иштеп, ардактуу эс алууга чыккан.

Маркумдун сөөгү Ала -Арча көрүстөнүнө коюлду.