Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде, «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү  билдирди.

Сыйлык тапшыруу аземине БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонния Ожиело жана ЮНИСЕФтин өкүлү Кристин Жольм катышты.

ЮНИСЕФ тарабынан демилгеленип, Тынчтыкты куруу фондунун колдоосу менен эки жылда бир өткөрүлчү «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» улуттук сынагына Бишкек, Кара-Балта, Токмок, Нарын, Балыкчы, Каракол, Талас, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Кербен, Кочкор-Ата, Жалал-Абад, Өзгөн, Ош, Кара-Суу, Кадамжай, Баткен жана Исфана болуп жалпысы 18 шаар катышты.

Сынактын жыйынтыгы боюнча:

— Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары биринчи орунду ээлеп, 3 миллион сомдук байгени жеңип алды;

— Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаары экинчи орунду алып, 2 миллион сом байгеге ээ болду;

— Баткен облусунун Баткен шаары үчүнчү орунду ээлеп, 1 миллион сомдук байгени камсыз кылды.

Ошондой эле, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн комплекстүү баалоо боюнча эң жогорку упайды топтогон он шаар «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» наамын алышты. Тизмеге жеңүүчүлөрдөн сырткары Кадамжай, Токмок, Нарын, Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Ош жана Каракол шаарлары кирген.

Шаарларды баалоо үчүн деталдуу баалоо ыкмасы иштелип чыккан. 26 көрсөткүчтөн сыткары, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ЮНИСЕФ менен биргеликте кыйла сапаттуу маалыматтарды топтоо боюнча изилдөө жүргүзүшкөн.

Комиссия бардык чогултулган далилдерди, баяндамаларды жана ар кайсыл муниципалитеттер берген документтерди пайдаланып, акыркы чечимин кабыл алган.