Бүгүн, 28-апрелде Түрк эл аралык кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) ыйык Орозо айына карата муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк кутусун таратат. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 16:00дө Жибек-Жолу көчөсү, 348 дарегинде жайгашкан Биринчи май акимиатында ТИКА тарабынан “Кыргызстанда ыйык Орозо айына карата азык-түлүк колдоосун көрсөтүү” долбоорунун алкагында КРнын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги менен биргеликте муктаж үй-бүлөлөргө миң даана азык-түлүк кутусун таратуу иш-чарасы өтөт.

Аталган долбоор боюнча жалпы 3 миң даана куту Кыргызстан Кызылай коому жана коомдук фонддор менен биргеликте таратылууда.