Эртең Бишкектин эки аймагында убактылуу суу берүү токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы  кабарлады.

Маалыматка ылайык, жай мезгилине даярданууга жана суу түтүктөрдү оңдоо-түзөө иштерине байланыштуу эртең, 29-апрелде саат 10:00дөн кечки 20:00гө чейин, эки аймакта ичүүчү суу убактылуу үзгүлтүккө учурайт.

Төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймактарда суу берүү токтотулат:

  • Биринчи аймак — Ахунбаев, Токтоналиев, Шакиров жана М. Гшлессер көчөлөрү;
  • Экинчи аймак — Ахунбаев — Ч.Айтматов проспектиси — Ала-Арча дарыясы.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт, шаар тургундарынан жана мекемелерден ичүүчү сууну камдап алууну өтүнөт.

Урматтуу шаардыктар! Суу менен камсыздоого байланыштуу бардык суроолор боюнча 1533 кыска номерине чалыңыздар. Бул шаардыктардын кайрылууларын жана арыздарын кабыл алган бирдиктүү маалымат борбору. Ошондой эле, мэриянын колл-борбору 1840 жана 1850 кыска номурлары күнү-түнү кайрылууларды кабыл алат, ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видео фактыларын WhatsApp: 0554 182-185 дарегине жөнөтүңүздөр.