Өкмөт баарынын эмгек акыларын бирдей  көтөрө  албайт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, министрлер кабинети жарандардын эмгек акысын көтөрүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү издеп жатат, бирок бардыгы бюджеттен көз каранды.

«Бүгүнкү күндө президенттин сунушу менен саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу чечими кабыл алынды. 1-июлдан баштап кенже жана орто медициналык кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылат. Өкмөт калктын, айрыкча социалдык кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү издеп жатат. Тилекке каршы, биз бюджетке көз карандыбыз жана баарын бир эле убакта жасай албайбыз ”, — деди Артем Новиков.