Борбор калаадагы Скрябина көчөсүндөгү №19 үйдө жашаган тургундар,  “Kadam-media.kg” маалымат порталына, жолбун иттерден жабыр тартып жатканын айтып кайрылышты.

Алардын билдирүүсүнө караганда, иттер жаш балдарга кол салып, көчөдө жүрүү кооптуу болууда.

“Өзгөчө эртең менен балдар мектепке, бакчага бара жатышканда кол салып коркутууда. Бул маселени “Тазалыкка” айтып кайрылдык, ал жактан эч кандай жооп болбогон соң, мэрияга кайрылдык. Мэрия кайра “Тазалыкка” шылтоодо.  Эгер балдарды каап алса кандай болот. Азыр анын үстүнө вирус да күчөп жатат. Бул иттер ветеринардын көзөмөлүнөн өткөн деп ким кепилдик бере алат.  Аз келгенсип көчөнүн баарына таштандыларды чачып жатышат. Жолбун иттер азыр жаш балдарга эле эмес чоңдорго да кол сала баштады. Качан гана иттер бирөөнү каап, жабыркатмайын чара көрүлбөйбү? ”-дейт  шаар тургуну Чаргынова  Миргүл.