Ушу тапта коомчулукту удургуткан олуттуу бир жагдай Чек ара маселеси болуп турат. Жакынкы күндөр аралыгында чек ара маселеси боюнча учур бийлигинин кадамдарына каршы чыккан топтор пайда болуп, ал топторду өз кезегинде жеке кызыкчылыгына пайдаланып кетүүнү көздөгөндөр да болбой койгон жок. Бирок, Чек ара маселесин боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Камчыбек Ташиев андай чагымчылардын тилегин таш каптырып, нааразы болгон элдин алдына барып, маселени жеринде талкуулап, коомчулуктун пикирин сыйлаарын, мамлекет кызыкчылыгы баардыгынан жогору экенин тастыктай алды.

Мына ушул жагдайларга саясатчылар, коомдук ишмерлер ар кыл баа берүүдө. Өз кезегинде Камчыбек Ташиевдин Чекара маселесиндеги жасап жаткан аракеттери тууралуу белгилүү саясатчы Өмүрбек Текекбаев калыс пикирин ортого салды.

Ал өз сөзүндө:  «Азыр Камчыбек Ташиевди чек ара маселеси боюнча сындагандар көп болуп кетти. Албетте, учур бийлигиндегилер катачылык кетиришти. Бирок ал ниеттери жаман дегенди билдирбейт, тескерисинче ниеттери ак жана таза болгон дегенди туюндурат. Алардын кыргыз элинин жашоосун жеңилдетебиз, өлкөнү өнүктүрөбүз деген жакшы ниеттери бар. Маселенин мынчалык чиеленишкен, татаал экенин билишкен эмес десек болот. Чек ара боюнча протоколдор көп түзүлгөн, коңшу өлкөлөр андан көп жолу баш тартышкан. А биз биринчи жолу баш тартып атабыз. Биринчи жолу эл менен кеңешип иш кылып жатабыз. Камчыбек Ташиев элдин талабына көндү, «меники туура» деп көгөрүп тура бербей, катаны моюнга алуу чоң эрдик. Чек ара маселеси көп учурда купуя чечилет, мында да купуя чечилгенде, жерибиз кетип калмак экен. Камчыбек Ташиевдин элге ачык айтып, бүт процесстер менен тааныштырып турганы жакшы болду. Ал ачык иш кылууда. Ынтымактуу бололу», — деп, бийликтин катачылыгын моюнуна алып, элдин талабына макул болуп жатканын оң баалады.