Бишкек шаарындагы эмдөө пункттары штаттык режимде иштеп жатат, россиялык «Гам-КОВИД-Вак» (Спутник-V) вакцинасы менен эмдөө жүрүп жаткан пункттарда чакан кезектер байкалууда. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин, Иммунопрофилактикалык жана Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын өкүлдөрүнөн турган атайын жумушчу топ эмдөө пункттарына барды.

“Бүгүн биз шаардагы эмдөө пункттарына бардык. Россиялык «Гам-КОВИД-Вак» вакцинасы менен эмдөө жүрүп жаткан үч пунктта чакан кезек күтүүлөр байкалды, ал эми башка эмдөө пунктарында кезек күтүүлөрдү көргөн жокпуз. Бирок, буга карабай кошумча эмдөө пунктарын уюштуруу тууралуу чечим кабыл алдык. Бишкек шаардык мэриясынын, Кыргызстан Кызылай коомунун колдоосу менен кошумча отургучтар орнотулат. Азыр коронавируска каршы вакцина алуу үчүн келген жарандарды ичүүчү таза суу менен камсыздоо маселеси каралып жатат”, — Ишенапысова.