Бүгүн, 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда чыр чыккандыгы кабарланган. Учурда чыр чыккан аймакта абал туруктуу экенин өздүк булактар билдирди.

Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы белгилүү болду. Эки өлкөнүн чек арачылары калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

КР УКМК Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев кагылышуулардын аяктагандыгы тууралуу маалыматты тастыктады. Анын айтымында, учурда чек арада абал туруктуу.

Эске  салсак, буга чейин тажик тарап электр мамыларына видеобайкоочу камераларды орнотууга аракет кылган. Кыргыз чек арачылары ишти токтотушту, ошол маалда мергенчилик мылтыктан ок атылды. Андан кийин эки өлкөнүн тургундары бири-бирине таш ыргыта башташкан.