Баткен районунун Тажикстан менен чек арасында абал салыштырмалуу турукташты. Бул тууралуу Кыргыз Өкмөтүнүн баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматкери Чолпон Бердикулова “Биринчи радиого” билдирди.
Анын айтуусунда, кырдаалды Баткен жана Согди облустарынын башчылары көзөмөлдөп жатат. Белгилей кетсек, 28-апрелде, Баткен жана Согди облус башчылары Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жайгашкан «Кызыл-Бел» жана «Гулистон» чек ара көзөмөл өткөрүү жайларынын ортосундагы аймакта жолуккан. Баткен жана Согди облустарынын чек арасындагы маселелерди буга чейинки эки тараптын чек араларды делимитациялоо боюнча Өкмөттүк комиссиясынын протоколдоруна ылайык жүргүзүү керектиги баса белгиленди.
Аны менен катар ар бир чектеш райондо жумушчу топ түзүү, бир жума аралыгында аймактагы чек арага байланышкан көйгөйлөрдү иликтөө тапшырмасы берилди. Жумушчу топтордун ишинин жыйынтыгы, облус башчыларынын жолугушуусунда каралмай болду. Облус жетекчилери 15 күн сайын жолугуп, чек арадагы маселелерди чечүү макулдашылды. Жолугушуунун соңунда Баткен жана Исфара райондорунун акимдери «Ак-Суу» дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасындагы маселелерди жеринде чечүү үчүн облус башчыларынын тапшырмасы менен аймакка барышкан. Бирок эки район башчылары бир пикирге келе алышкан эмес.
Ага Баткен жана Согди облустарынын башчыларынын Кыргызстандын аймагында жайгашкан электр мамычаларына тажик тараптан орнотулган видео камераларды алуу боюнча тапшырмасын Тажикстандын Исфара районунун акими аткаруудан баш тартканы себеп болгон. Ал күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин да сунуш пикирлерине макул болбой, натыйжада пикир келишпестиктер жаралып, жарандардын таш ыргытуусуна жетип, чыр- чатак орун алган.
Ал арада кыргыз-тажик чек арасындагы абалга байланыштуу өндүрүш иши башталып, милиция абалды көзөмөлгө алгандыгын Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.