Кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан улам жабыркаган 4 адам ооруканага түштү. Бул тууралуу  Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаракат алган 4 тургундун бирөөсү медицналык жардам алган соң, үйүнө чыгарылган. Эки бейтап Самаркандек аймагынын ооруканасына жаткырылган. Ал эми дагы бир бейтап ок атуучу куралдан жаракат алып, Лейлек аймагынын ооруканасына жайгаштырылган. Анын абалы оор деп бааланууда.

«Самаркандектеги бир бейтап баш мээсинен жабыркаган, экинчи бейтап болсо денесинде сыныктар бар. Жеринде «Тез жардам» кызматынын 3 бригадасы иш алып барууда. Зарыл болгон учурда Ош шаарынан дагы адистер жиберилет», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.