Кыргыз милициясы кыргыз-тажик чек арасындагы башаламандык боюнча эки кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгы билдирди.

«Кыргызстандын жарандарына таш ыргытуу фактысы боюнча бир иш ЕРППде       «Бейбаштык»  беренеси боюнча, экинчиси — Кыргыз Республикасынын 30 жаштагы жаранын атуу фактысы боюнча,   «Адам өлтүрүүгө аракет кылуу» катталды. Сотко чейинки процесстер башталды », — деп билдиришти милициядан.

Эске сала кетсек, кечээ тажик тарап Баткен районунун Көк-Таш айылындагы “Головная” суу бөлүштүрүүчү пунктунун жанындагы электр мамычасына видеокөзөмөлдөөчү камераларын орното баштагандан кийин башталган. Жергиликтүү тургундар техникаларды алып салууну талап кылышкан. Оозеки кагылышуудан кийин тараптар бири-бирине таш ыргыта башташты.

Баткен районунун Көк-Таш айылынын 30 жаштагы тургуну оң көзүнө ок тийип, жаракат алган. Анын абалы оор деп бааланууда. Жалпысынан төрт жабырлануучу медициналык жардамга кайрылган.