Жогорку Кеңеште 81 депутат саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кызмат ордун кароо боюнча сунушту колдоду.

Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекованын айтымында, комитеттин чечими менен саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кызмат орду боюнча токтом Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген.

Ал белгилгендей, мындай чечимдин кабыл алынышы министрдин коронавирусту айыктыруу үчүн “Ысык-Көлдүн тамыры” (аконит) менен дарылоо боюнча билдирүүсү жана Жогорку Кеңештин жыйынына келбеши себеп болгон.