«Головной» деп аталган суу бөлүштүрүүчү аймак толугу менен Кыргызстанга тиешелүү. Бул обьект 1970-жылы курулуп, 1973-жылы колдонууга берилген. Бул тууралуу «Головнойдун» курулушу боюнча архивдик маалыматта жазылган.

«Бул обьект Ош облусунун аймагына Кыргыз ССРинин Айыл чарба жана суу ресурстары митистрлигинин буйрутмасы менен Баткен курулуш-монтаждоо башкармалыгынын (СМУ) «Ошводстрой» трести тарабынан курулган. Долбоорду ишке ашыруунун баасы 384,2 миң рублди түзгөн. Мындагы максат суунун агымын «Кайырма» жана «Подводяший» каналдарына бөлүү болгон. «Подводяший» каналы «Төрт-Гүл» суу сактагычына келип куят», — деп айтылат архивдик маалыматтарда.

Эске салсак, учурда кыргыз-тажик чек арасындагы «Головной» суу бөлүштүргөн аймакта абал чыңалган бойдон калууда.

Кечээ, 28-апрелде саат 11:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясынын жээгинен тажик жарандары эксковатор жана «КамАЗ» менен шагыл жүктөп кеткен. Андан кийин 11:30 чамасында Көк-Таш айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан Баткен райондук суу чарба башкармалыгына караштуу «Головной» башкы суу алуу түйүнүн жарыктандыруу үчүн коюлган электр мамысына тажик жарандары видеокөзөмөл орноткон. Алар экинчи мамычага да камера орнотуп жаткан учурда кыргыз чек арачылары токтотуп калган.

Кыргызстандын аймагына тажик тараптан коюлган видеокөзөмөлдү алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жаткан учурда тажиктер ок чыгарган.

Булак: Марал радиосу