Өлкөдө акыркы суткада,  коронавирус дагы 345 адамдан аныкталып, 6 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 224, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 77, Ош облусунда – 9, Талас облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 18, Нарын облусунда – 9, Баткен облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 265 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Ошол эле учурда сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 6 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 470 бейтап, амбулатордук түрдө 1 964 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1035 бейтаптын абалы орто оордукта, 346 адамдын абалы оор жана 72 бейтап өтө оор абалда жатат.