Башкы прокурор Курманкул Зулушев Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеевдин кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл алды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Буга чейин Жапыкеев кызматтан кетүү боюнча арыз жазгандыгын билдирген. Мурдараак ЖМКлардын бирине берген маегинде ал чет өлкөгө кетүүсүнө байланыштуу кызматтан кетүү ниетин айткан.

Эскерте кетсек, Сыймык Жапыкеев 2020-жылдын 17-октябрында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Финполиция) төрагасы болуп дайындалган. 2021-жылдын март айынын башында ал Финполициянын жоюлуусуна байланыштуу кызматтан кеткен. Ага Финполициянын генерал-майору наамы ыйгарылган.

Марттын аягында Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалган.