Кечээ, 28-апрель күнү Баткен районунун Ак-Сай айылында чек ара маселеси боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда кайрадан чыр чыгып, таш ыргытуулар менен коштолду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жерине ӨКМдин Баткен облусундагы үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан жалпы 16 куткаруучу жөнөтүлдү.

“ӨКМдин куткаруучулары тиешелүү жардам берүүгө 100 пайызга даяр”, — деп айтылат маалыматта.