Видео – Тажик тараптан ок атуу күчөгөнү айтылууда
Баткен районунун Ак-Сай айылында Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында учурда абал курчуду. Тажик тараптан ок токтобой атылып жатат.
Бул тууралуу окуяга жеринен көз салган Кайрат Жапаров Фейсбуктан түз эфир аркылуу чагылдырып жатат. Жергиликтүү тургундардын билдирүүсүндө дагы 2 жаранга ок тийип ооруканага түштү. Алар кадимкидей согуш болуп жатканын айтышууда.
Бүгүн чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлүп, Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Чыр-чатак орун алган аймактан эл коопсуз жайларга көчүрүлдү.
Баткен облусунун башчысы Омурбек Суваналиев менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода, бүгүн 29-апрелде чек арадагы абал боюнча эки ирет телефон аркылуу, кырдаалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүштү.
КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасы менен, өкүлдүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жана Баткен районунун акими Акылбек Орозовдор, чек арада топтолгон жарандар менен жолугуп, жаралган бардык маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүү үчүн, бардык аракеттер көрүлүп жатканын айтып, элге кырдаалды курчутпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө экени айтылган.