Баткендин Көк-Таш айылында жайгашкан “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайында Кыргызстан менен Тажикстандын аскер кызматкерлери атышууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттиги өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев билдирүүсүнө  таянуу  менен жазды.

“Биз мобилизация менен алектенип жатабыз. Тез жардам кызматын жөнөтүп, ооруканаларды даярдоодобуз”, — деди ал.

Эскерте кетсек, кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган.
Көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Окуядан жалпы 8 жаран жараат алган. Ошондой эле Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Чыр чатак орун алган аймактагы жарандар коопсуз жайларга көчүрүлгөн.

Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү.

Булак: «Кабар» агенттиги