“Ак Бата” партиясынын лидери Нариман Түлеевдин демилгеси менен Баткен облусундагы учурдагы кырдаалга байланыштуу, аймактын жашоочуларынан жардам чогултуу үчүн штаб ачылды.

Чогултуу пункту саясий партиянын штабында жайгаштырылат жана ар бир камкор кыргыз жараны эң керектүү тамак-аш жана жеке гигиена каражаттарын алып келсе болот.
Чогулгандан кийин, жардам облустун калкына өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу кийинчерээк маалымдайбыз. Ошондой эле, кайрымдуулук каражаттарынын негизги бөлүгүн Нариман Түлеев өз каражатынан камсыз кыла тургандыгын маалымдайт.

Баткендиктерге гуманитардык жардам чогултуу үчүн Бишкекте штаб ачылды.
Талап кылынат: тамак-аш, ичүүчү суу, дары-дармектер, кийим-кече, нымдуу салфеткалар, самын жууган каражаттар, жеке гигиена каражаттары.
Дареги: Калыка Акиев көчөсү 66,
«Весна» соода борбору, 4-кабат A50 — «Ак Бата» партиясынын штабы.
Тел: (0551) 555 553 (Бакаев Ахан).

Кыйынчылыкка кабылган жарандарыбызга чогуу жардам берели!