Кыргыз тарап кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында аскердик катышуусун бекемдөөдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирет.
Маалыматка ылайык, учурда тараптардын тирешүүсү уланууда. Эки тарап тең курал колдонууда.
Баткен облусунун Баткен районунда жайгашкан “Головной” жерлиги толугу менен кыргыз тараптын көзөмөлүндө.
Эскерте кетсек, кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган.
Көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.
Ошондой эле Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлгөн.
Учурда чек арада чыккан чырдын кесепетинен 1 адам каза болуп, 31 адам жабыркаган.
Булак: Биринчи радио