Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров мамлекеттик чек аранын Баткен облусундагы кыргыз-тажик тилкесиндеги окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун жакындарына, үй-бүлөлөрүнө жана туугандарына көңүл айтты. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Азыр жалпы өлкө Баткен облусундагы чек арадагы акыркы окуяларда жакындарын жоготкон кыргызстандыктар менен бирге аза күтүүдө. Жаракат алган жарандардын тез сакайып кетишин каалайм. Мамлекет бардык жабыр тарткандарга ар тараптуу колдоо көрсөтөт», — деп баса белгиледи Президент Садыр Жапаров.