Баткен облусунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Таш айылындагы чек-ара маселеси боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чыр чатак катталган. Учурда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жеринде ӨКМдин иш-чараларын кординациялоодо- деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Баткен облусунун Ак-Сай, Самаркандек жана Ак-Татыр айыл аймактарынын аймагында “Өзгөчө абал” режими киргизилип, жергилүктүү тургундар коопсуз жайга эвакуацияланып, ысык тамак-аш жана биринчи керектелүүчү каражаттар уюштурулган.

Баткен облусунун Ак-Сай, Кызыл-Жол жана Кевит айылынын тургундары коопсуз жайга эвакуацияланды. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эвакуациялоого 10 техникадан ашуун, 150 ашуун кызматкер тартылды. Райондук жарандык коргонуунун Медицина кызматынан 13 тез жардам автоунаасы жана автотранспорт кызматынан 60 спринтер айдоочулары тартылууда.

Баткен облусунун Лейлек районунан 900 жаран Баткен шаары багытында, ал эми Лейлек районунан 300 жаран коопсуз жайга, анын ичинен 200 туугандарына жайгаштырылган.

УЧУРДАГЫ КРДИН БАТКЕН ОБЛУСУНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК ЧЕК АРАНЫН КЫРГЫЗ-ТАЖИК ТИЛКЕСИНДЕГИ КЫРДААЛ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ:

Баткен облусунун Лейлек району боюнча өрттөнгөн турак үйлөр:

Кулунду айылында — 2 турак уй

Максат айылында -10 турак уй

Жалпы: 12 турак үй

Социалдык объекттер:

-1 мектеп

Баткен району боюнча :

— 9 турак уй

— 10 заправка,

— 2 ресторан,

— 8 магазин,

— 1 казино РЕМИ

— 1 погран застава

Ак-Сай айылында

-ӨКМге караштуу 1 Өрт куткаруу бөлүгү өрттөнгөн.