Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы
Камчыбек Ташиев тажик тарап менен сүйлөшүүгө кетти. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. К.Ташиев менен кошо сүйлөшүүлөргө өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Субаналиев дагы кетти.
Эскерте кетсек, Камчыбек Ташиев мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы болуп саналат.