30-апрелде саат 13:20да УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына тажик тарап менен сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча комментарий берди.

«Тажикстандын УКМК башчысы жана бир нече кызматкерлер менен жолуктук. Жолугушуу жакшы болду. Нейтралдуу жерде жолуктук. Буйруса баары жакшы болот, чечебиз. Бардык аракеттер көрүлөт (абалды тынчытуу боюнча). Президентибиз Садыр Нургожоевичтин көрсөтмөсүнүн негизинде бардык маселелер чечилип жатат. Кудай буйруса бүгүн кечке чейин абалды толук турукташтырып бүтөбүз», — деди ал.

К.Ташиев буга катар эле тажик тараптын миномёт, тик учак менен аткылоосу боюнча суроого да жооп берди.

«Азыр эч нерсе болбойт. Азыр бардыгы жакшы болот», — деди ал.

Булак: Турмуш. кж