Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал боюнча телефон аркылуу сүйлөшүштү.  Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчылары учурдагы кырдаалды жана кагылышууну жөнгө салуу жолдорун талкуулашты. Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевге тажик тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө маалымдады жана тынчтыкты орнотууга, жаңжалды жөнгө салууга жардам берүүгө даярдыгын билдирген Өзбекстандын Президентине ыраазычылыгын айтты.

Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы бардык пикир келишпестиктерди дипломатиялык диалог куруу аркылуу тезирээк жөнгө салуу зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле, Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстандын Президентинин Ташкенге иш сапарынын жыйынтыгында кабыл алынган биргелешкен чечимдердин жана макулдашуулардын аткарылышын талкуулашты.