Мындай пикирин Сүлүктү шаарынын активистти Талант Аалиевич билдирди. Анын айтымында, катардагы аскерлер бизге буйрук беришкенде, мынчалык кырдаал оорлошуп кетпейт эле деп ыйлап отурушат.

“Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, Баткен облусунун губернатору Өмүрбек Суваналиев тез арада арызыңарды жазып кызматтан кеткиле. Баткен, Лейлекте болгон окуяларда чечкиндүү кадамдарга бара албаганыңар үчүн, карапайым элге жардам колун суна албаганыңар үчүн, кызматта отурганга моралдык укугуңар жок.

Силердин шаалакылыгынардын айынан карапайым эле азап чекти. Катардагы аскерлер бизге буйрук беришкенде, мынчалык кырдаал оорлошуп кетпейт эле деп ыйлап отурушат. Жылуу кабинетте отуруп алып, эшектин тушоосун дагы чече албаган силерге окшогон жетекчилердин эмне керегиңер бар ?”