Социалдык тармактарда Баткен облусунун чек ара аймагындагы акыркы окуялар учурунда тажик аскер кызматкерлери эки кыргызстандыкты колго түшүрдү деген комментарий камтылган видео таркатылууда.

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы бул маалыматты расмий түрдө төгүндөйт. Бул видео болжол менен 2017-жылы тартылган жана 2021-жылдын 28-29-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларга эч кандай тиешеси жок.