Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак учурунда жабыр тарткан Баткен облусундагы мекендештерге колдоо көрсөтүүнү каалагандар үчүн «Баткенге жардам» колдоо штабы түзүлдү. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, штаб Москва шаары, Большая Ордынка көчөсү 64, строение 1 адреси боюнча жайгашкан. Ал жерде элчиликтин кызматкерлери тийиштүү жерге жиберүү үчүн жарандык коомдон, диаспора уюмдарынын өкүлдөрүнөн жана баардык жардам берүүнү каалаган жарандардан гуманитардык жардам чогултат.

Штаб саат 09.00дөн 19.00гө чейин күн сайын элчиликтин имаратында иш алып барат (телефондор: +7 925 324 – 24 – 80, +7 903 793 – 12 — 99).

Москва шаарында жүргөн ар бир кайдыгер эмес Кыргыз Республикасынын жараны тамак-аш, кийим-кече, дары-дармек жана башка буюмдар түрүндө каражат чогултууга жардам бере алат.