ИИМдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков чек арадагы чыр-чатактардан улам кырдаал оор болгон Лейлек районундагы Максат, Кулунду жана Интернациональное айылдарынын тургундары менен кезигишти. Жолугушууга ыктыярдуу элдик кошуундардын мүчөлөрү, жергиликтүү бийлик органдарынын,  улуттук коопсуздук кызматынын  жана чек ара кызматынын өкүлдөрү катышты. Жолугушуу учурунда коомдук тартипти сактоо багытындагы бардык маселелер  талкууга алынды. Жергиликтүү калк милиция менен бирдикте коомдук тартипти сактоо багытында биргелешкен иш пландар белгиленди.

Коомдук тартипти сактоо максатында  өз ыктыры менен келген элдик кошуундун мүчөлөрү менен милиция кызматкерлеринин абалды турукташтырууда ролу жогору экендигин белгиленди жана мындан ары биргеликте тартипти орнотуу маселелери талкууланды. Учурда Баткен облусунун  Лейлек районундагы абал туруктуу жана коомдук тартипти сактоо боюнча бардык аракеттер көрүлүүдө.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы