Тажикстандын аскер кызматкерлери Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка жергесинде кыргызстандыктардын турак үйлөрүнө карата ок чыгарууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 2021-жылы 1-май саат 12:45ке карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал курч.

“Лейлек районунун Арка айылында тажик аскерлери Кыргызстандын жарандарынын турак үйлөрүнө ок ата башташты. Буга чейин айылдын жашоочулары көчүрүлгөн. КР УКМКнын Чек ара кызматынын чек арачылары коргонуу позициясына өтүштү”, — деп айтылат маалыматта.