Социалдык тармактарда Тажикстан Республикасынын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзоданын куралчан жөнөкөй жарандардын курчоосунда жылмайып турган сүрөтү тарады.

«Бул боюнча дүйнө коомчулугу баа берүүсү керек», — деген пикирлерин социалдык тармактын колдонуучулары калтырууда.

Белгилей кетсек, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев жана сүрөттөгү Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода баштаган эки тараптуу делегация 28-апрелде «Кызыл-Бел» жана «Гулистон» чек ара көзөмөл өткөрүү жайларынын ортосундагы бейтарап (нейтралдуу) аймакта жолугушкан.