Бүгүн, 1-майда саат 17:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курч бойдон калууда. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматтык-аналитикалык бөлүмүнүн жетекчиси Мирзамир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, чек ара заставалары күчөтүлгөн режимде кайтарылууда.

“УКМКнын Чек ара кызматы чек араны толук кандуу кайтарып, көзөмөлдөөдө”, — дейт ал.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 163 адам жабыркап, алардын 33ү набыт болгон.

Кыргызстанда 1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.