Социалдык тармактарга Баткен облусуна гуманитардык жардам алып бара жаткан кыргыздарга тажиктер кол салганы айтылды. Анда жүк алып бара жаткандар тамактануучу жайга токтоп, чай ичип жатканда кол салуу болгону, 18 адам каза болгону жана гуманитардык жүктү тажиктер алып кеткени жазылат.

Бул боюнча Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан жогорудагы билдирүү чындыкка дал келбей турганын белгиледи.

«Бүгүн, 1-майда социалдык тармактарга “Лейлек районуна гуманитардык жүк алып бара жаткан 18 жаранды тажик тарап атып кетти” деген туура эмес маалымат тарап жатат. Бул маалыматты тактаганыбызда жалган экени аныкталды. Баткен, Лейлек РИИБинде мындай маалымат катталган эмес. Урматтуу жарандар, социалдык тармактарда жарыяланып жаткан ар бир маалымат далилдүү фактыларга негизделиши керек. Туура эмес, такталбаган маалыматтарды таркатуудан алыс болуңуздар», — дешти мекемеден.