Бүгүн, 1-майда Тажикстандын Исфара районунун Ворух айылында Баткен ОИИБинин начальниги, милициянын полковниги Мурат Боронов, Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев Согдий ОИИБинин начальниги, милициянын генерал-майору Абдулло Навжувонов менен жолугушуп, чек ара аймактарындагы болуп жаткан абалды турукташтыруу максатында сүйлөштү.

Чек аралаш аймактардагы жарандардын коопсуздугун сактап, коомдук тартипти жөнгө келтирип, укук бузуулардын алдын алуу боюнча маселелерди талкуулады.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында, Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагындагы Жака-Өрүк участкасы аркылуу өтүүчү Ош-Исфана унаа жолу тажиктер тарабынан жабылган жол ачылды. Маалымат Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы тарабынан маалым болду.