Бүгүн, 1-май саат 18:30га карата чек ара чырынан улам жабыркагандардын саны 173кө жетсе, анын 34ү каза болду. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына ылайык, бүгүн, 1-майда дагы 7 жабырлануучу ооруканага кайрылып, анын экөөнө тиешелүү жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. 5 адам стационарларга жаткырылды, абалдары орто оордукта. Ал эми Ош облусунун 1997-жылы туулган тургуну Бактияров Азазбек Бактиярович каза болду.

«Куралдуу жаңжалдан улам жабыркагандардын ичинен 31и аскер адамдары, бирөө медицина кызматкери, 131и карапайым адамдар, дагы 10 бейтап тууралуу жеке маалыматтар такталууда», — дешти мекемеден.