Эл аралык коопсуздук боюнча эксперт, БУУнун мурдагы кызматкери, Судан жана Ооганстанда иштеген Уланбек Жуманаев кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн тынчтык орнотуучу күчтөрдү киргизүүнүн кажети жок деп эсептейт, ошол эле учурда дүйнөлүк коомчулук Тажикстандын жоопкерчилигин карашы керектигин ал Биринчи радиого берген маегинде билдирди.

«Биз чыдамкай болушубуз керек, анткени биздин түштүктөгү проблемалар — бул марафон. Бардыгыбыз түштүктөгү проблемаларды бир-эки жылдын ичинде чечүүнү каалайбыз. Ал жакта чек ара жана суу көйгөйлөрүн чечүү менен тынчтык жана бейпилдик орнойт деп күткөнбүз. Бирок реалдуу карасак, бардык белгилерди коюп чек ара, суу маселелерин чечсек дагы, ызы-чуулар чыга бериши мүмкүн. Себеби кылмыштуулук, мафия, баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү бар. Бул элементтер чыр-чатактарда ар дайым өзүн көрсөтүп турушат.

Ушундай чыр-чатактар тутанганда, аларды тынчыраак кабыл алышыбыз керек. Бул 50-60 жылдык марафонго окшош. Себеби азыркы муун бардык маселелерди чече албайт.
Азыр эң башкысы — аскерлештирүүгө жол бербөө керек, себеби чыр-чатактын күчөшү түштүктү аскерлештирүүгө алып келиши мүмкүн. Анткени эки тарап аскер күчтөрүн топтой башташы ыктымал. Бул келечекте ири аскердик чыр-чатакка алып келбейт эч ким айта албайт. Ошондуктан артиллериялык куралдардын топтолушуна жол бербөө келишими болуш керек.

Тажик тарап артиллериялык куралдар менен снаряддарды кандайча колдонгонун мен дагы эле түшүнө албай жатам, анткени алар башка шарттарда колдонулат да. Түштүктү аскерий абалга жеткирбөө БУУнун деңгээлинде болушу керек.

Эки тарап тең аскерлештирүү проблемаларды чечпестигин түшүнүшү керек, болгону келишимге келишип алганы жакшы болот. Чыр-чатактар муундан муунга өткөндө гана азаят, анткени ал жакта огороддор огородго уланып жашагандар бар. Бул абалды Израиль жана Палестина менен салыштырууга болот, аларда марафон бар жана узак мөөнөттүү келечеги бар. Абалдын курчушуна жол бербөө өтө маанилүү. Кыргызстан менен Тажикстан узак мөөнөткө реалдуу стратегияны кабыл алышы керек», — деди Уланбек Жуманаев.

Бирок эксперт мындай кол салуусу үчүн Тажикстан жооп бериши керек деп эсептейт.
«Бул ачык агрессия, аскердик кылмыш. Кыргызстан эл аралык уюмдардан жардам алып, биринчи кезекте дипломатиялык жана юридикалык колдоо алышы зарыл. Экинчиси техникалык, материалдык жана каржылык колдоо алышы керек. Чыр-чатактан кийинки кырдаалды чечүүгө байланыштуу кошумча каражаттар болушу керек. Эки мамлекетте тең бюджеттин тартыштыгы бар.
Кырдаал тынчтыкты сактоо чараларын талап кылбайт. Анткени Косово, Судан, Сомалидегидей чоң жаңжал жок. Менин оюмча, БУУ азырынча буга барбайт», — деп эсептейт Уланбек Жуманаев.