2021-жылдын 2-май күнү
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков Лейлек районунун чек арага чектеш Арка-1, Арка-2 айылдарынын жергиликтүү тургундары менен жолугуп, коомдук тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Андан сырткары, Сүйүн Өмүрзаков жарандардын коопсуздугун сактоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан бул айылдарга коюлган блок постторго барды. Министрдин биринчи орун басары милициянын кайгуул топтору менен биргеликте чек арага чектеш аймактардагы жергиликтүү элдин үйлөрүн кыдырып, коопсуздукту камсыздоо боюнча маселелерди жеринде чечүүдө.
Арка-1, Арка -2 айылдарында төгүлгөн шагылдар алынып, автоунаалар тоскоолдуксуз өтүүлөрү үчүн жолдор дагы тазаланды.
ИИМдин Басма сөз кызматы