29-апрелде башталган Кыргыз-Тажик кагылышуусунан Баткен облусу боюнча жалпы 78 турак үй талкаланды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов брифинг учурунда билдирди.

«Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 13 даана атайын техникалар жана 165 кызматкер иштерди жүргүзүүдө. Мындан тышкары 13 «Тез жардам» унаасы 35 кызматкери менен күнү-түнү иштөөдө. Кагылышуудан жалпы облус боюнча 78 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 Ички иштер министрлигинин имараты, 1 бала бакча, 3 чек ара заставасы, 10 АЗС жана 8 дүкөн талкаланган», — деди Шамырканов. Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен.

Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан кыргыз тараптан 173 адам жаракат алып, 34 адам каза болду. Бүгүн, 2-майга карата Баткенде абал туруктуу.