2021-жылдын, 2-майында саат 13.00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жана Тажикстандын коргонуу ведомстволорунун офицерлер курамынан турган биргелешкен комиссиясы кошумча күч жана каражаттарды мамлекеттик чек ара сызыгынан туруктуу жайгашкан жайларына тартып кетүү иштерин улантууда.

Бүгүн Баткен районунун Карабак айылынын жана “Головной” суу бөлүштүрүү түйүнүнүн аймагын тараптар биргелешип кароо иштерин улантышты. Азыркы тапта комиссия Баткен облусунун Баткен районунун Аксай жергесинде иштеп жатат.

Коопсуздукту камсыздоо максатында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында чек ара чыр-чатагы башталгандан тартып адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүтөрдү өткөрүү токтотулган.

Бүгүн, 2-майда 2021-жылдын 29-апрелинде тажик аскер кызматчылары “Ми-24” тик учагы менен Баткен облусунун Баткен районунун Торт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлерине абадан чабуул жасаган учурда Актатыр айыл башкармалыгынын Ортобоз айылынын тургунунун үйүнө түшкөн авиациялык ракета табылган.

Авиаракета жарылбай калгандыктан ал үйдүн тургундары жабыркашкан эмес.

Ал жерде тергөө тобу иштеп жатат.