Саясий илимдердин кандидаты, улуттук жана аймактык коопсуздук, экстремизм жана терроризм боюнча эксперт, отставкадагы полковник жана дипломат Орозбек Молдалиев Кыргызстанга Тажикстан менен согушуунун кереги барбы деген суроого жооп берди.

— Биринчиден, орозодо мусулмандар акыл-эсин ачууга алдырбашы керек.

Экинчиден, көрүнүктүү аскер теоретиги, тарыхчы, генерал Карл фон Клаузевиц 19-кылымда эле «согуш — бул саясаттын башка, күч колдонулган ыкмалар менен улантылышы» экендигин далилдеди. Бул принципиалдуу позиция коңшулардын Баткендеги куралдуу баскынчылыгынын учурунда эң ачык-айкын көрүндү. Чек араны жалаң гана тынчтык, саясий жана дипломатиялык ыкмалар менен аныктоого бел байлаган расмий Бишкектин саясаты, локалдуу куралдуу жаңжалдын масштабдуу жаңжалга айланып кетишине жол бербөө үчүн, колдон келишинче сабырдуу болгон.

Ушундай жагдайларда адекваттуу жооп, аскердик көз-караштан алганда көптөгөн тактикалык жана стратегиялык себептерден улам, дайыма эле өзүн актай бербестигин эске алуу керек. Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхында катастрофалык чабуул жана контрчабуул жасоо операцияларынын мисалдары бар, алар бүгүн “ушинтип согушпай эле коюу” категориясына кирет.

Ошондуктан Кыргызстандын аскердик-саясий жетекчилигинин тажик тарап менен интенсивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана коңшу мамлекеттин агрессиясын токтотууга, масштабдуу кол салууларга жол бербөөгө жасаган ассиметриялык жообу, узак согушка тартылууга мүмкүндүк бербеди. Белгилей кетсек, эки өлкөнүн коргоо министрлери куралдуу жаңжалды токтотуунун эффективдүү механизмин иштеп чыгышкан.

Байыркы кытайлык стратагемде: «Душмандын чарчаганын тынч күт», — деп айтылат; «душманды байланыштырып турган күчтөр ачык эмес тирешүүдөн алсырайт.»