«Эмаком» холдинг курулуш компаниясы, биринчилерден болуп, Баткенде  тажик тараптын кол салуусунан жабыр тарткан 3 үйдү толук бүтүрүп берет. Бул тууралуу Фейсбук колдонуучусу Орозбек Осмонов жазды.

«»Эмаком» холдинг курулуш компаниясынын Президенти  Эмилбек Джусуповдун демилгеси менен  Баткенде жабыр тарткан 3 үйдү толук бүтүрүп берилет.

Үйсүз, жайсыз калгандар көп. Эл аралык сотто утабыз, компенсация кылып, чыгымды Тажикстан берет деген менен убакыт кетет. Азыр жай, күн жылуу. 2-3 айда эле суук келет кайра. Үйү жокторго кыйын болот.

Урматтуу ишкерлер! Келиңиздер ушул демилгени колго алып, башкаларга муктаж болбой өзүбүз бүтүрүп салалы”-деп жазат ал.

Эске салсак, чек арадагы  чырдан  жалпы облус боюнча 78 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 Ички иштер министрлигинин имараты, 1 бала бакча, 3 чек ара заставасы, 10 АЗС жана 8 дүкөн талкаланган. Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен.